Али Токтакунов: «Дөөлөт Сыдыков Ак Үй салабыз дегендер «Манастын айылынан жер бер» деп коркутту деген»

«Аз мурда жаңы Ак Үй салабыз дегендер «Манастын айылынан жер бер» деп коркутту деген. Дөөлөт Сыдыков мен турганда жер бердиртпейм деп мага маек курган». Бул тууралуу журналист Али Токтакунов соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Манасчы өлкөдөн качат деген не шумдук?! Ал манасчы эле эмес, Бишкек СЭЗге караштуу «Манас айылынын» жетекчиси-чиновник эмес беле? Аз мурда жаңы Ак Үй салабыз дегендер «Манастын айылынан жер бер» деп коркутту деген. Дөөлөт Сыдыков мен турганда жер бердиртпейм деп мага маек курган. Көп жыл каралбай ураган Манастын айылын оңдойм деп президенттин иш башкармалыгы менен чогуу конкурс өткөрүп, макет тандалганын айтып берген. Анан эле Манастын айылы тууралуу президент Жапаров катышкан иш-чарага Сыдыков чакырылбай, ал аз келгенсип такыр башка макет көрсөтүлүп калды. Ал кайсы конкурстан өттү? Ким жактырды? Эң негизгиси «маданият министри аркылуу президент Садыр Жапаров коркутуп дубай салам айттырды» деп Дөөлөт мырзанын жазганы көп нерсени айтып турбайбы? Бул жакшы көрүнүш эмес. Манасчылар, укук коргоочулар, аксакалдар, бирдеке дегиле. Азыр калыс кеп айтчу учур болуп турат», — деп жазды ал.

Бүгүн, 5-майда Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, өзү үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткени маалымдалды.