Али Токтакунов: «Матраимовдун Кыргызстандагы 25 банкта акчасы бар экен»

Бүгүн, 14-февралда борбор калаада 300дөй адамды чогулткан коррупцияга каршы тынчтык жүрүшү өттү. Андагы чогулгандар президент Садыр Жапаровдон Райымбек Матраимовду жоопко тартып, ага карата адилеттүү чечим кабыл алууну талап кылышты.

Аталган тынчтык жүрүштүн уюштуруучуларынын бири, иликтөөчү журналист Али Токтакунов Матраимовдор бийликте тамырлашып кеткенин айтып, Жапаровду ушул күнгө чейин сындабай келгенин, бирок бул Матраимовго байланыштуу соттун чечими Жапаровдун бийлигине болгон ишенимди жоготуп жатканын баса белгиледи. Жана ошондой эле мурдагы президенттер аталган коррупционердин айтканынан алыстай албай, элдин нааразычылыгына калганын эске салып, ал ажолордун тагдыры эмне менен аяктаганын да айта кетти.

«Биз уурдатып жатабыз. Садыр Жапаров коррупционерлерди тыйыңыз. Учурда биз билген Матраимовдордун өлкөнүн 25 банкында акчасы бар экен. Бул бери эле жагы. Райым Матраимовду тыйгыла», — деди Токтакунов.

Темир жол бекетинин айланасында чогулган эл Али Токтакуновдун сөзүнөн кийин «Акыйкат орносун» деген ураан менен борбордук «Ала-Тоо» аянтын көздөй бет алды.

Аянтка жеткен жөө жүрүшчүлөр ал жерден маркум журналист Уланбек Эгизбаевди эскеришти. Ошондой эле иш чаранын соңунда уюштуруучулардын бири Улан Үсөйүн мындай жөө жүрүштөр ар жекшемби күнү болоорун, бүгүнкү 15-тынчтык митинг экенин айтып, кийинки аптада чек ара маселеси көтөрүлөрүн кошумчалады.