Али Токтакунов: «УКМК биздин иликтөөнү калпка чыгарып, «чагымчылдар» деп атаптыр»

Журналист Али Токтакунов чек арадагы аткезчилик менен алек болгондор боюнча иликтөө жүргүзүп, чек арага жакын айылдагы заправкалар чиновниктерге таандык экендигин жана чакан айылда 270 кишиге 1ден заправка туура келээрин айткан эле.

Бирок бүгүн, 26-майда УКМК бул маалыматты четке кагып, Баткендеги күйүп кеткен май куюучу жай Камчыбек Ташиевге таандык деген маалымат чындыкка дал келберин, бул айтылган маалыматтар «чагымчылдардын» сөзү экендигин билдиришкен.

Бул боюнча журналист Али Токтокунов үн катып, төмөнкүлөргө токтолду:

“УКМК биздин иликтөөнү калпка чыгарып,  «чагымчылдар» деп атаптыр. Программа чыккандан беш күндөн кийин таап чыккан жообу ушул экен.  Биринчиден аталган кызмат далай ирет жалган жана чагымчыл маалымат таратып, шермендеси чыкканына күбө болуп эле келатабыз. Экинчиден, элдин башын дал УКМК айландырып атат. Биздин иликтөөдө баары так, ачык маалымат булактарындагы документтердин негизинде көрсөтүлгөн”, – деп жазган журналист.