Алия Шагиева атасы Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап жатып көзүнө жаш алды (видео)

Бүгүн, 17-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева «Ала-Тоо» аянтында «Ветер перемен» аттуу саясий репрессияга каршы көркөм кечесин өткөрүп жатат.

Ал атасын туулган күнү менен куттуктап жатып көзүнө жаш алды. Ошондой эле келгендерге ыраазычылыгын билдирип, Кой-Таш окуясы боюнча да өз оюн айтты.

Алмазбек Атамбаев бүгүн 65 жашка толду. Буга чейин Кой-Таштагы үйүнө анын жакындары жана санаалаштары чогулушту.