Калкты эмдөө — бул COVID-19 коронавирус инфекциясын жеңүү үчүн зарыл жана натыйжалуу чаралардын бири, бул жамааттык иммунитетти тез өнүктүрүп, ковидге чейинки жашоого кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев билдирди.
Ал масштабдуу эмдөө кампаниясы менен гана ар кандай пандемияны, анын ичинде коронавирусту жеңүүгө болоорун белгиледи.