Аллергиясы барлар коронавируска каршы вакцина алса болобу? Дарыгердин жообу

Калкты эмдөө — бул COVID-19 коронавирус инфекциясын жеңүү үчүн зарыл жана натыйжалуу чаралардын бири, бул жамааттык иммунитетти тез өнүктүрүп, ковидге чейинки жашоого кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев билдирди.

Ал масштабдуу эмдөө кампаниясы менен гана ар кандай пандемияны, анын ичинде коронавирусту жеңүүгө болоорун белгиледи.

Бул учурда чоң жоопкерчилик менен мамиле жасап, дарыгериңиз менен бардык мүмкүн болгон көрсөтмөлөрдү жана каршы көрсөтмөлөрдү такташ керек.

Аллергия вакцинага тыюу салбагандыгын билүү керек, бирок айрым сактык чаралары жана каршы көрсөтмөлөрү жөнүндө билип алуу зарыл.

Аллергия менен ооругандар үчүн вакцина алуунун каршы көрсөтмөлөрү:

оорунун күчөп кетиши;

мурун адамдын ден соолугуна зыян келтирген аллергиялык реакциялардын болушу (анафилактикалык шок);

 вакцинанын компоненттерине болгон гиперсезгичтик;

мындан башка вакцинага гиперреактивдин болушу;

кошумча оорулардын, анын ичинде өнөкөт оорулардын болушу;

 18 жашка чейинки курак;

курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар.