Бишкектин Алма-Ата көчөсүн тосуп, митингге чыккан тургундарга аким келди

Бүгүн, 19-апрелде Бишкектин четиндеги Ленин айылынын тургундары Алма-Ата жолун тосушуп, митингге чыгышты. Маалыматка караганда, алар жаңы курулуштарга каршы болушууда.

«Бизге аким келди. Бирок талаптарыбыз мурдагы бойдон. Эми алар шаардык таштанды таштоочу жайдын аймагындагы жаңы конуштарды мыйзамдаштырмакчы болуп жатышат. Бул жерлер жашоого жараксыз дешип, аларды биз жакка көчүрүлөт дешти. Биздин Ак-Дөбө айыл өкмөтүнөн жер бөлүп беришет. Биз өзүбүз деле жылдап жер тилке ала албайбыз, алар болсо бекер алганы жатышат. Бул тургундар бизден прописка сурап, жол салып, суу менен камсыз кылууну суранышууда. Айылда болгону 1 миң кишибиз. Алардын саны расмий эмес 7-8 миңдей кишиге жетет. Алар айыл өкмөтүнө келип, каттоодон өтүүнү суранышууда», — дешти чогулгандар.