Алмамбет Шыкмаматов архитекторлорго жана дизайнерлерге кайрылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов архитекторлорго жана дизайнерлерге кайрылды.

«Урматтуу архитекторлор, долбоорчулар, дизайнерлер! Сиздер Кыргызстанда суроо-талапка ээ болуп, популярдуу болгон кесиптердин бирин аркалап келүүдөсүздөр, анткени өлкөбүз акыркы жылдары чоң курулуш аянтчасына айланды десек болот. Бирок шаарлардын жана айылдардын көрүнүшүн өзгөрткөнүңөр менен, тилекке каршы, көбүңөр өзгөрүүгө умтулган жоксуңар.

Салык кызматында катталган силердин кесиптик багыттагы ишкердик субъектилердин жалпы санынын 60  пайызы ар кандай жолдор менен көмүскөдө иштеп, өз кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акыны накталай түрдө, бартердик жол же жеке эсебине которуу менен алышып, салык төлөөдөн качып келишүүдө.

Эгерде компанияда кызматкерлердин эмгек акысына каражат болсо, демек, ал иштеп, киреше таап жатат дегенди билдирет. Бул жерден мыйзам ченемдүү суроо жаралат – салыктар кана?

Салыктар – ар бир мамлекеттин экономикалык системасынын негизи болуп саналат. Бул ар бир жооптуу салык төлөөчүнүн, өлкөнүн патриотунун мамлекетти өнүктүрүүгө, инфратүзүмдү, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды, ооруканаларды, музейлерди жана театрларды курууга кошкон салымы.

Ошондуктан, мамлекетти алдаганга аракет кылып, салык төлөөдөн качкандар баарынан мурда өздөрүн, балдарын, ата-энесин алдап, тоноп жатышат. Мамлекеттик салык кызматы учурда силердин ишмердигиңердеги төлөмдөрдү жана каржылык агымдарды кылдат талдоодо. Көбүнчө бул сектордо курулуш компаниялары да салык төлөөдөн качууга аракет кылышат. Алар аныкталып, текшерүүлөр күчөтүлөт жана реалдуу кирешелерин жашырган бир дагы ак ниетсиз салык төлөөчү айып санкцияларынан жана туумдардан кутула албайт. Силер коомдун интеллектуалдык, чыгармачыл элитасынын өкүлдөрү катары, позитивдүү өзгөрүүлөрдү түзүүчү катары башкаларга үлгү болуп, анын ичинде салык маданиятын жигердүү жайылтууңар керек. Анын үстүнө мамлекет бүгүнкү күндө бул үчүн бардык шарттарды түзүүдө.

Алсак, ар бириңер Креативдүү индустрия паркынын резиденти боло аласыңар. Ал жерде жөнөкөйлөтүлгөн отчеттуулук жана салыктын максималдуу жеңилдетилген ставкалары белгиленген – 2027-жылдын 1-январына чейин жүгүртүүдөн бирдиктүү салыктын ставкасы – 1%, ал эми 2027-жылдын 1-январынан тартып – 2%, жалданма кызматкерлер үчүн киреше салыгынын ставкасы 10 %дын ордуна 5%, ошол эле учурда жумуш берүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 15 жылга бошотулат. Силердин ишмердигиңерге ылайыктуу болгон салык салуунун башка ыңгайлуу режимдери дагы бар.

Баарыбыз эле цивилизациялуу коомдо, өнүккөн мамлекетте жашагыбыз келет, ал эми салыктар – ошол үчүн биз төлөй турган баа болуп саналат. Улуу муунубуз үчүн, балдарыбыздын жана жаштарыбыздын келечеги үчүн, бүгүнкү күндүн бакубат жашоосу үчүн кандай гана мааниге ээ болбосун, интеллигенциянын өкүлдөрү катары дал ушул силерге өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт. «Көмүскөдөн» чыгып, салык төлөй баштаңыздар, суроолоруңар болсо кайрылгыла, чогуу биргеликте компромисстик чечим табабыз.

Эң башкысы, кандай гана болбосун, салык төлөө зарылдыгын аңдап-түшүнүүбүз зарыл»,- деп жазды ал.