Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов депутат Чыңгыз Айдарбековду жалган маалымат таратып, элди чуу түшүрбөөгө чакырды.
Жогорку Кеңеште Салык мыйзамдары боюнча жаңы шарттар каралды. Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигине келген Алмамбет Шыкмаматовдун парламентте тийиштүү комитетте аталган мыйзамды талкуулоодогу кеби коомчулукта талкуу жаратты.
Шыкмаматов ЭТТНди 13000 товардын ордуна 5 ири товарга гана калтырып, бул системаны жөнөкөйлөштүрүү зарылдыгын, дегеле ЭТТН системасы деталдуу ойлонулбай туруп киргизилип калганын, ал боюнча тийиштүү жактардын жоопкерчилиги караларын билдирген.
“Популизм деген эмне? Кур аякка мактанабыз деген эмне? Экономика деген кантип өсөт? Салыкты өстүрсө эле, ал экономика өстү дегенди билдирбейт да. Экономика деген – эл да байып, бюджет да байыганы. Элин ыйлактатып бюджетти өстүргөн – ал экономика эмес”,- деп билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева “Бул бийликтин абдан чоң саясий кадамы”, деп атап, калк үчүн Жаңы жыл алдында жагымдуу белек болорун билдирген.
Бүгүн ал мыйзам парламентте каралып, Алмамбет Шыкмаматов менен депутат Чыңгыз Айдарбековдун ортосунда банктык эсептер боюнча кайым айтышуу орун алды. Айдарбеков юридикалык жактардын арасындагы келишимдер боюнча салыкты жөнгө салуу саясатында мүчүлүштүктөр бар экендигин, ал Кыргызстандын банк системасына зыянын тийгизерин айтты.
Алмамбет Шыкмаматов Айдарбеков эскерткен маселе алып салынганын билдирип, “Сиз абдан билимдүү адамсыз, берилген мыйзамды окудуңузбу, жокпу, билбейм. Мунун баары алынды да, жок да? Бул жалган маалымат да? Калкка жалган маалымат таратып, элдин ичин чуу түшүрүп эмне кереги бар? Өткөндө ипотека боюнча да элди чуу түшүрдүңүз. Өзүңүз комиссия менен барып текшерип көргөнсүз, баргансыз. Бул жалган маалымат да? Санариптешкен системада кезекти алмаштырып салуу мүмкүн эмес. Сиздер, биз бир командабыз да? Кызыкчылыгыбыз – мамлекет. Парламент бул эң улуу трибуна. Ушул жерден жалган маалымат чыкса эл акыркы чындык катары кабыл алышат. Сиз айткан маселенин баары мыйзамдан алынды”,- деп билдирди.