ЭТТНди алып салуу Алмамбет Шыкмаматовдун жеке пикири, маселе дагы талкууланат. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
“ЭТТН жок баары бир болбойт. Буга чейин патент менен иштөө да айтылды, бирок ал үчүн ККМ керек. Ошон үчүн маселени түшүнүп айтыш керек да, биздин саясат ККМден кетпейт, ЭТТНди токтотпойбуз. ЭТТН жөнөкөйлөштүрүлөт”, — деди Амангелдиев.
«Тилимен тартып жатат. Түшүнбөй деп жатат деп жатат да туурабы? Мен башкача да сунуш көтөрөм. ЭТТНди туура эмес, анализи жок киргизгени үчүн жоопко тартчу адамдарды аныктап берем»,— деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram