Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов ишкерлерге кайрылып, WhatsApp-номерине +996502433733 түз чыгууга чакырды.
Шыкмаматов бизнес чөйрөсүнөн салык режими боюнча сунуштарды күтүп жатканын жазды. «Биргелешкен аракет менен идеалдуу болбосо да, адилеттүү салык режимин түзө алабыз. Идеялары менен бөлүшүүнү каалагандарга алдын ала рахмат айтам», — деп жазган ал соцтармак баракчасына.