Алмамбет Шыкмаматов жасалма «Кока-Коланы» кантип айырмалоо керектигин көрсөттү

28-августта Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында акциздик маркасы жок товарларды аныктоо боюнча рейд өткөргөн.

Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү жеке ишкерлерге таандык ири соода түйүндөрүндө жүргүзүлгөн текшерүү маалында жалпы суммасы 142 миң 811 сомду түзгөн 3 767 даана жасалма суусундуктар табылган.

Рейддин жыйынтыгында Салык кызматынын төрагасы мекеменин кызматкерлерине бул суусундуктарды жеткирген тараптарды аныктап, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырган.