Алмамбет Шыкмаматов «Кока-Кола» чыгарган заводго барды (сүрөт)

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Бишкек шаарындагы алкоголсуз бөтөлкөдөгү суусундуктарды өндүрүүчү “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” жабык акционердик коомунун заводуна барды.

Салык кызматынын жетекчисинин жумуш сапарынын жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү ишкананын ишмердүүлүгү, аны өнүктүрүү жана келечектеги пландары тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле суусундуктарды өндүрүү, бөтөлкөлөргө куюу жана маркалоо процесстери көрсөтүлдү.

«Сапарыбыздын максаты — өндүрүш процесси менен таанышуу гана эмес, коомчулукка ар бир суусундук чыгаруучу ишкана керектөөчүлөрдүн саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн жоопкерчилигин түшүнүүсүн жеткирүү. Мындай компаниялардын ишмердүүлүгү жогорку эл аралык стандарттарга шайкеш келиши керек, дал ушундай талаптарга «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» заводу жооп берет», — деп баса белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Мындан тышкары ал, компаниянын өлкөнүн экономикасына кошкон салымынын маанилүүлүгүнө токтолду: «Сиздердин компанияңыздар — Кыргызстандагы алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. Бизде ушундай ийгиликтүү жана жоопкерчиликтүү ишканалардын бар экениндиги кубандырат», — деп билдирди төрага.

Андан ары Салык кызматынын башчысы алкоголсуз суусундуктарды акциздик маркалар менен милдеттүү маркалоо боюнча талаптардын аткарылышы менен таанышты. Шыкмаматов белгилегендей, Салык кызматы сапатсыз жана жасалма продукциядан коргонуу үчүн жарандар суусундуктарды сатып алууда оригиналдуу капкагынын жана чыныгы акциздик марканын бар экенине көңүл буруусу зарыл.