Алмамбет Шыкмаматов: «Салыкчыны опузачы катары көрбөшүбүз керек»

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов эл салыкты түйшүк катары, салыкчыны опуза катары кабыл албашы керектигин айтты.

Анын айтымында, ал кызматка келгендер бери салык маданияты деген идеологиянын үстүнөн иштеп келет.

«Салыкчы жаман деген түшүнүктөн арылышыбыз керек. Салык — бул мамлекетке кошкон салымың. Мунун үстүнөн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ишкерлер менен жолугуп иштеп жатабыз. Ал эми салыкчылар опузачы эмес, мыйзам менен иштеп, кызмат көрсөтүшөт», — деди ал.