Алмамбет Шыкмаматов «Бишкек» эркин экономикалык аймактын жетекчиси болуп дайындалды

«Бишкек» эркин экономикалык аймактын жетекчилик кызматына Алмамбет Шыкмаматов дайындалды.

Маалыматтарга караганда, аны эмгек жамаатка президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов тааныштырган.

Буга чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймакты Кудрет Тайчабаров жетектеп келген.