Алматы Борбор Азиядагы эң кымбат шаар деп табылды. Бишкекчи?

2024-жылдын башындагы Numbeo маалыматы боюнча Алматы Борбор Азиядагы эң кымбат шаарлардын рейтингинде сап башына чыкты.

Numbeo өзүнүн рейтингин 2009-жылдан бери жүргүзүп келет. Рейтингдер ижарага алынган турак жайдын баасын, тамак-ашты, коомдук тамактануу баасын жана башка факторлорду эске алуу менен колдонуучулардын пикирлеринин негизинде түзүлөт.

2024-жылдын башында Алматы Борбор Азия шаарларынын арасында биринчи орунду ээлеген. Рейтингде экинчи орунду Астана, үчүнчү жана төртүнчү орундарды Ташкент менен Бишкек ээледи. Бирок колдонуучуларынын сын-пикирлери чектелүү болгондуктан Душанбе жана Ашхабад сыяктуу шаарлар тизмеге кирген эмес.