Алматы-Ош-Алматы чартердик аба каттамы ишке кирди

Алматы-Ош-Алматы чартердик аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.

16-февралда Алматы шаарынан учуп келген SCA авиакомпаниясынын алгачкы учагы «Ош» эл аралык аэропортуна келип конгон.

«Бул каттам менен Алматы шаарына 1 баланы кошкондо 142 жүргүнчү учуп кетти», —  деп айтылат маалыматта.