Алматы шаарында дайынсыз жоголгон Кыргыз жараны Чолпонбек Сыдыков табылды. Ал катуу сабалган. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган шаардагы башкы консулу Назарали Арипов журналисттерге билдирди.
Ал ошондой эле башаламандык учурунда кармалганын айтып берген Кыргыз жаранынын видеосун да берди. Анда Чолпонбек Сыдыков убактылуу каттоосу аяктаганына байланыштуу Бишкекке жөнөп жаткан учурга туш келгенин айткан. «Алматыдан чыгып бара жатканда бизди токтотушту. Казак паспорту бар жарандарды өткөрүшүп, Кыргыз жарандыгы барларды унаадан түшкүлө дешти. Алар документти деле карашкан жок, полиция кызматкерине өткөрүп коюшту. Патруль келип, унаага отургузуп, телефон жана башканы алып койду. Унаада эки жолу урушту. Милиция бөлүмүнө алып келишти. Коридорго алып киргенде дубалга тургузуп, баарыбызды ура башташты. Менин бутумду сындырышты. Кийин Тез жардам чакыртышты. Бул 9-январь күн болчу», — дейт видеодо Чолпонбек Сыдыков.