Алматыда жаракат алган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков жардамга муктаж

Казакстандагы январь окуясында жапа чеккен Чолпонбек Сыдыков жардамга муктаж. Бул тууралуу Юлия Тенкова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал эки бутуна операция жасаган 4-оорукананын медицина кызматкерлерине, ошондой эле Кыргызстандын Казакстан Республикасындагы консулдугуна, Саламаттыкты сактоо министрлигине, коомчулукка жана четте калбагандардын баарына ыраазычылык билдирди. «Бирок эми Чолпонбек толук басып, иштей алышы үчүн узакка созулган реабилитациялык курстан өтүшү керек. Учурда Элсом эсеби ачылды. Ага бир тууганынын картасы тиркелет, анткени Чолпонбектин эки паспорту кармалгандан кийин жоголуп, жок кылынган окшойт (документтер азыр калыбына келтирилип жатат), — деди Юлия Тенкова.