Алматыда кармалган кыргыз ишкеринин жакындары Бишкекте анын бошотулушун талап кылган акция өткөрүшүүдө

Бүгүн, 24-августта Алматыда кармалган кыргыз ишкери Эрмек Маркабаевдин жакындары Бишкектин Горький атындагы гүлбакта анын бошотулушун талап кылган тынчтык акциясын өткөрүшүүдө.

Ушул жылдын июнь айында Кыргыз жараны, Алматы шаарындагы “Алтын Орда” базарынын директорунун орун басары Эрмек Маркабаев Алматы-Бишкек автожолунда кармалган. Соңку күндөрү интернетте Маркабаевди куралчан күч кызматкерлери кармап жатканы тартылган видео тарап жатат. Видеонун автору Маркабаевге баңгизатын атайылап салып коюшканын айтууда.