Алматыда катуу сабалган Кыргыз жаранынын абалы оор. Кандай жаракаттары бар?

Чолпонбек Сыдыковдун абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган бейтап кечээ, 20-январда саат 14:55те Бишкек шаарындагы 4-ооруканага жеткирилген. Нейрохирург, травматолог жана хирургдан турган адистер тобу консилиум өткөрүп, алдын ала диагноз коюлду. Алматыда катуу сабалганын айткан Кыргыз жараны бир катар жаракаттарды алганы аныкталып, баш мээси жана көкүрөгү жабыркап, кабыргаларында көп сандагы сынык, эки бутунда тең сынык бар болуп чыкты. Чолпонбек Сыдыков реанимацияга жаткырылды жана дарылоо башталды.

Алматыда катуу сабалган Кыргыз жараны Чолпонбек Сыдыков буга чейин анын буту сындырылганын маалымдаган.