Алматыда каза болгон Кыргыз жаранынын апасына уулунун сөөгүн алып кетүүгө уруксат берилди

Казакстанда каза болгон Азиз Мусаев аттуу Кыргыз жаранынын апасына уулунун сөөгүн алып кетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сөөк бүгүн, 12-январда алып келинери пландалууда.

6-январда каза болгон жаран Алматы шаарында фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жүргөн. Маркумдун жубайы саат 22:30 чамасында жолдошу жаракат алган карыяга жардам берип жаткан учурда ок тийгенин айткан.