Алматыда каза тапкандардын арасында Кыргыз жарандары бардыгы, туугандары сөөгүн алып чыга албай жаткандыгы маалымдалды

«Алматыда каза тапкандардын арасында Кыргыз жарандары бардыгы, туугандары сөөгүн алып чыга албай жаткандыгы маалымдалды». Бул тууралуу «Балдардын биринчи хосписинин» негиздөөчүсү, «Помогать легко» кайрымдуулуук фондунун башчысы Динара Аляева жазды.

«Алматыда каза болгондордун расмий маалыматы бар, бул 100дөн ашуун киши, андан 2 же 3 эсеге да көп болушу мүмкүн. Өлтүрүлгөндөрдүн арасында Кыргыз жарандары да бар, алар коңшу өлкөдө иштеген же убактылуу барган бейпил жарандар. Туугандары алардын сөөгүн алып чыга албай жатышат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Садыр Жапаров, биздин жарандарга жардам берүү үчүн штаб уюштургула», — деп жазылган билдирүүдө.