Алматыда үйдүн 7-кабатынан кулап каза болгон 17 жаштагы кыздын сөөгү мекенине алып келинет

Тышкы иштер министрлиги ЖМКларда жайгаштырылган «Алматыда кыргызстандык кыз терезеден кулап каза болду» деген жаңылыкка байланыштуу маалымат таратты.

26-июнда саат 06:50 чамасында 2007-жылы туулган Кыргыз жараны У.К.Н. Алматы шаарында жайгашкан үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулап түшкөн. Кырсыктан алынган оор жаракаттардын натыйжасында аталган жаран каза болгон. Алматы шаарына ал тууганы менен 21-майда келген.

Кыргыз өлкөсүнүн Алматыдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери маркумдун туугандары менен байланышта. Бүгүнкү күнгө маркумдун сөөгүн алып чыгууга компетенттүү органдардан уруксат алынды. Учурда «Жүк 200» аркылуу Кыргызстанга жөнөтүү иштери жүргүзүлүүдө.