Алматыдагы 12 мектепке жардыруучу зат коюлган

Казакстандын Алматы шаарынын 12 мектебинин электрондук почтасына алардын имаратында  жардыруучу заттар бар экени тууралуу кабар келип түшкөн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мектептин электрондук почтасына мектеп жетекчилигинен акча талап болбосо билим берүү имараттары жардырыла турганы жөнүндө кат келген.

Мындан улам полиция кызматкерлери аталган мектептерди эвакуацияга алышты.

Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына полициядан бул факты боюнча «Терроризм актысы тууралуу жалган маалымат таратуу» беренеси менен тергөө иштери башталганын билдиришкен.

«Анонимдүү маалымат берген адамдын тек-жайын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.