Алматыдан Ысык-Көлгө күн сайын уча турган авиакаттам ачылат

Казакстан Ысык-Көлгө жаңы авиакаттам ача турганын Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-майдан тарта Алматы-Тамчы-Алматы багыты ишке киргизилип, жумасына жети жолу, башкача айтканда, күн сайын бирден учак каттап турат. Коңшу өлкөнүн Өзбекстан, Черногория, Нидерланддар менен да жаңы каттамдарды ачып, андан сырткары Бириккен Араб Эмираттары багытын мурдагыдан активдештире турганы кабарланды. Авиакаттамдар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды дыкат сактоо менен жүргүзүлөрүн баса белгилешкен.