Алматыга бара жаткан жол аба ырайына байланыштуу жабылды

Бүгүн, 22-декабрда саат 11:40тан тарта Казакстанда Алматы-Ташкент-Терме унаа жолу транспорттун бардык түрү үчүн жабылды. Тактап айтканда, Кайнар айылындагы (Кордай ашуусу) 159-238-чакырым аралыгы кайрадан жабылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда.

Буга аба ырайынын кескин начарлашы жана катуу кар бороону себеп болгону айтылууда. Кыргызстандыктар үчүн бул Кордайдагы өткөрмө бекетинен түз каттам менен Алматыга жетүү мүмкүн болбой калат дегенди билдирет.

Учурда эски Кордай ашуусу менен айланып өтсө болот, бирок ал жерде да аба ырайынын начардыгынан унаа тыгыны көп.