Алмаз Акматов Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланды

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын аудитору кызматына Акматов Алмаз Шаршембиевичтин талапкерлиги каралды.

Анын жыйынтыгында, Акматов аталган кызматка беш жылдык мөөнөткө шайланды.

Талапкерди 62 депутат колдогон жана Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.