Атамбаев добуш берүүгө катышты. Ниязов менен Матраимов добуш берген жок

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү абагында добуш берүүгө катышты.

Юстиция министрлиги билдирген маалымат боюнча, Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов добуш берүүгө катышкан жок. Ага иштин материалдарына паспорту кошулбаганы себеп болгон.

Ошондой эле ЖАМКта президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовдун паспорту жок. Буга байланыштуу ал да добуш берген эмес.