Алмазбек Атамбаев Камчыбек Ташиев үйүнө жашыруун келип жүргөнүн айтты

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Октябрь окуяларына байланышкан соттук отурум өтүп жатат. Сотко мурдагы өлкө башчысы да жеткирилди.

Анын жүрүшүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын үйүнө жашыруун келип жүргөнүн айтты. «Ооба, Жээнбековду кетириш үчүн 9-октябрда митингге чыккам. Эгер биз чыкпасак, Садыр Жапаров түрмөдө отурмак, а Камчыбек Ташиев менин Кой-Таштагы үйүмө жашыруун келип жүргөндөй, жашынып жүрмөк болушу керек», — деди ал.