Алмазбек Атамбаев: «Мага Сокеге окшоп резиденцияда эмес, түрмөдө отурган жеңил болчу»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 14-февралда абактан чыккандан кийин Кой-Таш айылындагы үйүндө журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Мен Кудайга ишенем. Ар ким өзүнүкүн алат. Сокени (ред. Сооронбай Жээнбеков) Кудай жазалады. Мисалы, мага андай болуп резиденцияда эмес, түрмөдө отурган жеңил болчу. Бул алда канча маанилүү. Өч алуу адамды өрттөйт. Келечекти ойлонуш керек. Кудай баарын өз ордуна коет», — деди ал.