Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип, ага сот залына Тез жардам чакыртылды. Бул тууралуу жактоочусу маалымат таратты.
Анын айтымында, экс-президенттин кан басымы көтөрүлүп кеткен. Тез жардам Атамбаевди колонияга алып кетти.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге козголгон эки кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Ал Калыс-Ордо конушундагы мектеп курууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген деп айыпталууда.