Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип, сот залына Тез жардам чакыртылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип, ага сот залына Тез жардам чакыртылды. Бул тууралуу жактоочусу маалымат таратты.

Анын айтымында, экс-президенттин кан басымы көтөрүлүп кеткен. Тез жардам Атамбаевди колонияга алып кетти.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге козголгон эки кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Ал Калыс-Ордо конушундагы мектеп курууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген деп айыпталууда.