Атамбаев саясатка кайтабы? «Социал-демократтардын» лидеринин жообу

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Испанияда, ага дагы үч операция жасалат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков билдирди.

Анын айтымында, мурдагы мамлекет башчы Кыргызстанга кайтып келет. Ошол эле маалда Султанбеков Атамбаевдин саясатка кайтып келүү ниети жок экенин, “мажбурлашпаса гана” аралашпай турганын белгиледи.