Алмазбек Атамбаев сот залында журналисттердин суроолоруна жооп берди

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясына байланышкан соттук отурум өтүп жатат. Соттук отурумга алып келинген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.

— Сизге козголгон кылмыш иштери боюнча комментарий бере аласызбы?

— Мунун бардыгы ойлоп табылган иштер. Муну баарыбыз жакшы билебиз. 

— Сиз тергөө менен келишим түзбөйсүз. Дагы эле көрсөтмө бербей келе жатасызбы?

— Мен дайыма бир эле жолу сүйлөйм. «Көрсөтмө бербейм» дедимби, демек, бербейм.

— Негизи эле маанайыңыз кандай?

Баары жакшы болот. Баары жакшылыкка. Чындык жеңет. 

Буга чейин судья үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген. Ошентип, Атамбаев Кой-Таш айылынан жерди мыйзамсыз алууга, мыйзамсыз баюуга жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандыкка айыпталууда.