Алмазбек Атамбаев сотто жубайы Раисаны кучактады. Кол кармашканды жактырган түгөйлөрдүн сүрөттөрү

Бүгүн, 18-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда соттук процесс болуп өттү. Анда Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин сатып алууга байланыштуу коррупция фактысы боюнча кылмыш иши каралып башталды.

Соттук отурумга алып келинген Алмазбек Атамбаевге туугандары жана жакындары менен учурашууга уруксат беришти. Ошол учурда «келчи, сени кучактап коёюн» деп мурдагы президент жубайы Раиса Атамбаева менен кучакташты.