Алмазбек Атамбаев стационардык дарылануудан баш тарткан

Экс-президент Алмазбек Атамбаев ооруканага жаткыруудан жана стационардык дарылануудан баш тартты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Белгиленгендей, буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун буйругу менен Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлеринин консультациясы өткөрүлгөн.

«Жыйынтыгында, кардиолог жана терапевт текшерүүнү №47 абактын шартында өткөрүүнү сунуштады. Учурда бейтаптын жалпы абалы канааттандырарлык, Алмазбек Атамбаев дарыгерлердин көзөмөлүндө калууда”, — деп билдиришти Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан.

Алмазбек Атамбаевге каршы бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде Кой-Таш айылындагы башаламандык, коррупция жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу бар.