Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборуна которулду

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина жазып чыкты. 

Анын айтымында, мурдагы өлкө башчысы өзгөчө коркунучтуу кылмышкер сыяктуу коштоочулар менен жеткирилген.

Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция жана арам акчаны адалдоо фактылары боюнча иштер бар. Былтыр жайында ага түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген, ошондой эле 2020-жылдын октябрында массалык башаламандык уюштурган деген айып тагылган.