Алмазбек Атамбаевди эмне үчүн конфискацияланган үйдө тосуп алышты? Жактоочунун жообу

Алмазбек Атамбаев үч жарым жыл абакта отургандан кийин 14-февралда Кой-Таш айылындагы үйүнө барган. Ал жакта мурдагы президентти туугандары, тарапташтары жана айылдаштары тосуп алышкан.

Алмазбек Атамбаевди эмне үчүн конфискацияланган үйдө тосуп алышты деген суроого жактоочусу Замир Жоошев жооп берди. «Үй мыйзамдуу түрдө конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансына өткөрүлүп берилгени менен иш жүзүндө экс-президенттин үй-бүлөсү ушунча убакыт ичинде үйдө жашап келген. Эсиңиздерде болсо, 2022-жылдын жай айларында Кой-Таштагы үйдүн аймагына Маммүлктүн өкүлдөрү жана сот аткаруучулар өз ыктыяры менен турак жайдан көчүп кетүү талабы менен келишкен. Бирок экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрү Батукаевдин иши боюнча мыйзамсыз конфискацияланган мүлк болгондуктан үйдөн чыгуудан баш тартышкан. Эгерде жашап жаткандар өз ыктыяры менен көчүүдөн баш тартса, анда мыйзам боюнча сот аткаруучулар сотко кайрылууга тийиш жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде гана мажбурлап чыгаруу жүргүзүлүшү мүмкүн. Бирок мындай болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Батукаевдин бошотулушу боюнча сот өкүмдөрү жокко чыгарылды. Ушуга байланыштуу конфискацияланган бардык мүлк мыйзамдуу жана иш жүзүндө ээлерине кайтарылууга тийиш», — деп айтылат маалыматта.