Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди УКМКга алып кетишкени айтылды

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди УКМКга алып кетишкенин мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бүгүн, 23-сентябрда саат 12:50 чамасында алып кетишкен. «Өзгөчө маанилүү иштер боюнча эки адам үйгө келишти. Аны кайсы иш боюнча чакырып жатышканын айткан жок. Эч кандай чакыруу кагазы берилген эмес», — деп жазып, видео менен бөлүштү. 

УКМК азырынча маалымат бере элек.