«Социал-демократтардын» лидери Темирлан Султанбеков экс-президент Алмазбек Атамбаев менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
Сүрөттөн Кадыр Атамбаев, Раиса Атамбаева, Алмазбек Атамбаев, Педро Санчес жана Темирлан Султанбековду көрүүгө болот.
14-февралда Алмазбек Атамбаев абактан чыгып, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, 15-февралда дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кетерин билдирген.