Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды

Бириккен улуттар уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.