Министр: «Келишимдик негизде окуган студенттердин окуу акысы боюнча маселеси каралууда»

Келишимдик негизде окуган студенттердин окуу акысына 20 пайызга жакын жеңилдик берилсе, 888 миллион сомду түзөт. Бирок мындай каражатты кайтарымсыз негизде ЖОЖдорго берүү үчүн мамлекетте мүмкүнчүлүк жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, студенттердин контракт маселеси каралууда. Мүмкүнчүлүктөр караштырылып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жогорку окуу жайлардын каржылык саясатына эркиндик берилген. Университеттерде иштеген кызматкерлердин маянасы, курулуш иштерине кеткен чыгымдар студенттердин окуу акысынын негизинде төлөнүүдө.

«Жылдын башында сметалар бекитилгендиктен, жылдын ортосунда тигил же бул жакка кете албай жатабыз. Мамлекет баарыбыздыкы, андыктан туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырам. Бирок мамлекет бул маселе боюнча акыркы чекитти койгон жок», — деди ал.