Алмазбек Исманкуловдун клиникасы жайгашкан оорукананын кире беришине кум төгүлдү. Видео

Бүгүн, 14-мартта саламаттыкты сактоо министрлиги Алмазбек Исманкуловдун клиникасы жайгашкан оорукананын кире беришине кум төктүрдү. Видео соцтармакка жайылды.

Өткөн аптада министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган клиникага барып, анын жетекчиси менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө үч сааттын ичинде бошотуп коюусун айткан.