Талас Ала-Тоо кыркасында «Манас» жаңырды (фото, видео)

Талас Ала-Тоо кыркасындагы «Манас» чокусуна альпинисттер тобу чыгып, Кыргыз туусун сайып келишти. Бул тууралуу альпинисттер тобу кабарлашты.

24-июнь күнү Талас Ала-Тоо тоо кыркасында жайгашкан «Манас» чокусуна Кыргыз альпинизм федерациясынын альпинисттери, манасчы Төлөбек Муса уулу болуп чыгышып, Кыргыз туусу менен чокуга арналган эн тамгасын коюшту.

Маалыматка ылайык, чокунун бийиктиги 4488 метр, узактыгы 17 чакырым. «Манас» чокусуна чыккан соң Төлөбек Муса уулу «Манастан» үзүндү айтып, тоо кыркаларына «Манасты» жаңыртты. Чокуга кыргыз туусу сайылып, альпинисттер тобу ийгиликтүү түшүштү.