5 миңден ашуун медицина кызматкерлерине 132 миллион сомго жакын кенемте төлөндү

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду COVID-19 менен күрөшүүгө катышкан 5 миң 94 дарыгерге май айы үчүн 131 миллион 788 миң 705 сом кенемте төлөп берди.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, ооруканаларда иштеген 2 миң 901 дарыгерге 101 миллион 108 миң 450 сом, байкоо жүргүзүү үчүн 651 адамга акы төлөнгөн (15 миллион 629 миң 715 сом төлөнгөн), мобилдик топтор — 334 медициналык кызматкерлер (8 миллион 88 миң 80 сом).  Тез жардам станцияларынын кызматкерлери (809 адам) 3 миллион 64 миң 300 сом, санитардык-карантиндик пункттар — 452 миң 900 сом (55 адам), патологиялык кызмат — 36 миң 700 сом (8 адам), башка кызматтар — 3 миллион 408 миң 560 сом (булар лаборанттар, анализдерди ташыган айдоочулар жана башкалар, бардыгы 336 адам).

Буга чейин дарыгерлер июнь айы бүтүп баратканына карабастан, май айында иштегендиги үчүн акы ала электигин билдиришкен эле.