«Алтын балалыкта» чөккөн кыздын эжеси: «Каза болгон адамдын артынан жамандабай эле коюшса…»

5-августта Ысык-Көлдөгү «Алтын балалык» реабилитациялык борборунда 14 жаштагы кыз сууга чөгүп каза болгон. «Сиңдим каза болгондон кийин артынан жамандабай эле коюшса… Садыр Жапаров Миң-Кушка барып, балдарыңар эс алып кетсин деген. Көлгө баргандын эртеси эле кароосуз калганы үчүн, шалаакы мамиледен улам сууга чөгүп кетти. Эмнеге реакция жок? Сөзүм президентке жетсе дейм» дейт маркумдун эжеси.

«4-августта 238 баланы — 3 мектептин балдарын алып кетишкен. Биздин үйдөн иним жана каза болгон сиңдим барган. Президенттин демилгеси менен кетип жаткандан кийин коопсуз экен дегенбиз. 5-август күнү тамак ичип, көнүгүү жасашат. Анан көлдүн жээгинде оюн ойнотулуптур. Ал жерде биздин вожатыйлар жок болгон. Оюн болгон жерде Алымкадыр Бейшеналиев да болгон. Балдар сууга түшүп кеткенде, сиңдимдер да түшкөнү барышкан. Бизге жеткен маалыматтарда «жапайы пляжга түшүшкөн, өздөрү күнөөлүү» деп жатышат. Ошол сөзгө кайгырып, каза болгондон кийин артынан жамандабай эле коюшса деп сиздерге келип жатам», — деди эжеси.