«Алтын, күмүш, акча тепселендиде жатты». Түркиядагы зилзаланы кыргыз куткаруучулары эскеришти (видео)

2023-жылдын февраль айында түрк туугандарга кол сунуп, зилзаланын очогуна кыргызстандык 180 куткаруучу барган.

Жарым ай ичинде урандылардын астынан 198 адамдын сөөгүн чыгарып, 8 адамдын өмүрүн сактап калышкан. Жер титиреген аймакта убактылуу баш калкалоо үчүн 127 кыргыз боз үйү тигилди. Ага кошуп Кыргызстан Түркияга мобилдүү госпиталын жайып, дарыгерлер медициналык жардам көрсөтүштү. ӨКМ видео даярдап, жерине барган кыргыз куткаруучулардын кырсыкты эскерген видео менен бөлүштү.

«Ал жерге баргандардын арасында 22-23 жаштагы жаш куткаруучулар бар эле. Алардын мындай окуя менен биринчи жолу кез келүүсү болду. Ошентсе да эч ким өзүн жоготуп койбой, психикалык жактан даяр экенин көрсөтүштү. Биз жвнсыз денелерди таап, мусулманча жерге бериш керек деген көз караш менен акыркы күчүбүздү жумшап, издөө иштерин улантып жаттык», — деди куткаруучу Нурдин Мырзаев. 

«Иттердин жардамы болду. Биздин балдардын жүрөгү өрт келет экен. Өз коопсуздугубузду сактап жаттык, бирок коркпой-этпей, жан дили менен иштеп жатышты. Ал ачык эле көрүнүп турду», — деди дагы бир куткаруучу Дастан Турдумамбетов.

«Алтын, күмүш, акча, материалдык байлык баары бутубуздун алдында тебеленип жатты. Биз жайбыз, ошого умтулабыз, бирок баш-отубуз менен кирип кетпей, адамдык касиетибизди сактап, башкалар менен жакшы мамиледе бололу», — деди куткаруучу.