«Алтын сертификаттын» ээси Алимбек Токтогазиев: «Жаңылыкты укканда айылдын вотсап группасы «дүң» болду»

Жалпы республикалык тестирлөөдөн 224 балл алып, «Алтын сертификаттын» ээси болгон Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын Эшмамбет Кендирбаев орто мектебинин окуучусу Алимбек Токтогазиев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү тууралуу айтып берди.

«Мен Токтогазиев Алимбек Кумарбекович 2004-жылы туулгам. 3 бир тууганбыз, мен эң улуусумун. «Алтын сертификат» алганымды агайымдан, анан апамдан уктум. Ишене алган жокмун. ЖРТга 2021-жылдын ноябрь айынан баштап даярданып, жаздан баштап көп көңүл бура баштадым. Башында «Алтын сертификатты» ойлогон эмесмин. Кийинчерээк тесттерим жакшы чыгып жатты. Ошондуктан ишенич пайда болду. Жанымдагы жакын адамдар: ата-энем, байке-эжелерим, мугалимдер, досторум чоң ишенич көрсөтүштү. Мектепти да кызыл аттестат менен бүттүм. Андайлардан Кыргызстанда 6 эле окуучу деп уктум. Азырынча Кыргызстанда калам, кийинчерээк чет өлкөдөн тажрыйба алып келүүгө аракет кылам. «Ала-Тоо» Ататүрк, АУЦА, КММА университеттерин карап жатам, Американын North American University деген окуу жайын да байкаштырып жатам. Хирург болгум келет. Ооруканага барып калганда ооруган адамдарды көрүп, ичим тызылдап кетчү. Операцияга, дарыга акча жетпеген адамдарга жардам бергим келет. Кичине кезимен эле адамдарга жардам бергенди жакшы көрөм. Анан эле биология, химия сабактарына кызыга баштадым», — дейт ал.

Ал ошондой эле куттуктоолор тынбай жатканын айтып, «аларга жооп берүүгө жетишпей жатам» дейт. «Албетте, ата-энем, чоң атам, бир туугандарым, агай-эжейлерим абдан сүйүнүштү. Туугандардын, футболдогу, жалпы айылдын группасы «дүң» болду. «Биздин бала» деп, өзгөчө мени окуткан агай-эжейлерим, жыйынтыкты менден кем калбай күтүшкөн эжелерим, жакындарымдын төбөсү көккө жетти. Чоң атам мугалим болгондуктан, окуудагы ийгиликти жакшы түшүнөт. Чоң атам «Токтогазиев» деп менин атым чыкты деп сүйүндү. Мени колдогон жакындарыма, агай-эжелериме ыраазычылык билдирем», — деди ал.