«Альянс Алтын»: «Компаниянын 15 кызматкери ууланганы чын»

«Альянс Алтын» компаниясы Жер-Үйдөгү массалык уулануу боюнча соцтармактарда тарап жаткан маалыматтарга жооп берди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө караганда, окуя 20-март күнү болгон. Компаниянын 15 жумушчусу өздөрүн жаман сезип жатканын айтып, Жер-Үй өндүрүштүк участкасынын медициналык кызматкерлерине  кайрылышкан.

«Медицина кызматкерлери тарабынан ыкчам жардам көрсөтүлүп, анализдер алынып, алар Талас санэпидстанциясына жөнөтүлдү. Тесттин жыйынтыгы бир нече күндүн ичинде белгилүү болот. Биздин компания ички иликтөө ишин баштаган. Бүгүнкү күндө кайрылган бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Кооптонууга негиз жок», — деп айтылат маалыматта.